Украинанын 22 жашка чейинки эркек жарандары согуш абалына карабай өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыга алышат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко билдирди.
Свириденконун айтымында, буга чейин чет өлкөдө жүргөн украиналыктар да чек арадан каалаган тарапка ээн-эркин өтө алышат.
«Жаңы эрежелер расмий жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирет»,- деп тактады премьер-министр.








