Украина 22 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга уруксат берди

Украинанын 22 жашка чейинки эркек жарандары согуш абалына карабай өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыга алышат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко билдирди.

Свириденконун айтымында, буга чейин чет өлкөдө жүргөн украиналыктар да чек арадан каалаган тарапка ээн-эркин өтө алышат.

«Жаңы эрежелер расмий жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирет»,- деп тактады премьер-министр.