Украина Баста, Валерия, Филипп Киркоров, Евгений Петросян жана Леонид Якубовичке каршы санкция киргизди

Украинанын президенти Володимир Зеленский өз буйругу менен Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин чечимин бекитти. Ага ылайык, жалпы жонунан орусиялык маданий ишмерлерден турган 119 адамга карата жеке экономикалык санкция киргизилди.

Тизмеде Филипп Киркоров, Никита Михалков, Дмитрий Билан, Сергей Жуков, Валерия, Михаил Галустян, Анна Нетребко, Василий Вакуленко (Баста), Лариса Долина, Григорий Лепс, Маргарита Симоньян, Евгений Петросян, Артемий Лебедев, Стас Пьеха, Леонид Якубович бар. Тизмеге украиналык жарандыгы бар үч киши да кирген, алар: алып баруучу Жанна Бадоева, ырчы Лолита Милявская жана футбол машыктыруучусу Анатолий Тимощук.

Санкцияда активдерге бөгөт коюу, Украинадан капиталдарды алып чыгууга тыюу салуу, менчиктештирүүгө катышууга тыюу салуу, Украинанын мамлекеттик сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратуу каралат.