Украина менен Орусия акыры Беларуста сүйлөшмөй болду

Украина Беларустун Гомель облусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости орус делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединскийге шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, Украина сүйлөшүүлөрдү Гомелде өткөрүүгө макул болгон. «Биз кетели деп жатканбыз, бирок украин тараптан сүйлөшүүгө макул болгондугу тууралуу маалымат алдык», — деди Владимир Мединский.