Украина Орусия менен бейтараптык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Украина Орусия менен нейтралдуу макам боюнча сүйлөшүүгө даяр, бирок коопсуздук кепилдигин да алышы керек. Бул тууралуу «РБК» Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляктын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

«Украина ар дайым чыгып, сүйлөшүүлөргө орун калтырып келет. Анын ичинде азыр Орусия толук масштабдуу кирип келген учурда. Бул согушту токтотуу керек. Бул согуштук аракеттер токтотулушу керек», — деди ал.