Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үздү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады. Бул тууралуу “Эхо Москвы” билдирди.

Буга чейин орус дипломаттары Киевден шашылыш түрдө чыгып кеткени айтылган. «Биз курал-жарактарды чыгарып жатабыз жана жерибизди коргоо үчүн жасай беребиз», — деди ал.

Зеленский согуштук тажрыйбасы барлардын баарын өз жерин коргоого чакырды.