Украинада тик учак бала бакчанын жанында кулады. Каза болгондор бар

Украинанын Бровары шаарында тик учак кулады. Бул тууралуу украиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тик учак бала бакча менен турак үйдүн жанына кулап, жабыркагандар бар. 

Каза болгондордун саны 16 адамга жетти, анын ичинде экөө бала. Учактагы тогуз киши каза болгон.