Украинада Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлөт

Украинанын «Жашоо үчүн — Оппозициялык платформасы» аттуу партиясы өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Вадим Рабинович билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Украинаны көз карандысыздык алгандан берки тарыхында бир убакта 3 канал өчүртүлдү. Биз шайлоочуларды, өлкөнү шылдыңдаган президент Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрөбүз», — деп билдирген  эл өкүлү Владимир Рабинович

Белгилей кетсек, кечээ 2-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский оппозициялык партиянын лидери болгон Виктор Медведчукка тиешеси бар делген үч телеканалдын  ишмердүүлүгүн токтоткон.