Украинадан чыгып кеткендердин саны 1,5 миллиондон ашты

Согуштук аракеттер башталгандан бери Украинадан чыгып кеткендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун качкындардын иши боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди билдирди. Анын айтымында, бул Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европадагы эң чоң масштабдуу кризис.

24-февралдан тарта Украинадан чыгып кеткендер Польша, Венгрия, Молдова жана башка европалык өлкөлөрдө баш калкалап жатышат. Молдованын чек ара полициясынын маалыматы боюнча, соңку 12 саат ичинде өлкөгө Украинадан 9 миңден ашуун адам кирген. Польшанын чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, 24-февралдан бери Украинадан 922,4 миңдей киши кирген.