Украинадан чыгып кеткендердин саны 2 миллиондон ашты

Согуштук аракеттер башталгандан бери Украинадан чыгып кеткендердин саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун качкындардын иши боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди билдирди.

24-февралдан тарта Украинадан чыгып кеткендер Польша, Венгрия, Молдова жана башка европалык өлкөлөрдө баш калкалап жатышат. Качкындардын жарымынан көбү Польшанын аймагына кирди.

2022-жылдын 1-январына карата Украинанын калкы (Крымдан тышкары, бирок Донбасстын аймагы менен кошо) 41 миллион 167 миң кишиден турган.