Украиналык модель Түркияда терезеден кулап көз жумду. Жигити аман алып калбаганы менен видеого тартууга үлгүргөн

11-июнда Түркиянын Стамбул шаарында украиналык модель Анжелика Срабьянц сүйүктүүсү менен болгон пикир келишпестиктен улам терезеден кулап кеткен. Тез жардам кызматы 33 жаштагы моделди ооруканага алып бара жатканда ал оор жаракатынан улам жолдо жан берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Каза болгон моделдин Бурак Эржан аттуу жигитинин берген маалыматы боюнча, алар ошол күнү ресторандан кайтып келе жатышып, таксиде кызганычтан улам уруша кетишкен. Жигиттин айтымында, жаңжал батирге келгенде да уланып, кыз балконго чуркап чыккан. Кыз кулап бара жатканда бала жардам берүүгө аракет жасап, бирок жетишпей калган. Каза болгон моделдин жигити кызды аман алып калбаганы менен кулап кеткен учурду кыскача видеого тартууга үлгүргөн. Видеодон кыздын жигитинин ысымын чакырып кыйкырганы угулат.

Учурда каза болгон моделдин жигити киши өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ошондой эле алар жашаган батирден баңгизаттар табылган.