Украинанын аймагында бир нече жардыруулар болду

Киевде жардыруулар болгондугун UNIAN жана Strana.ua сайттары кабарлашты. Борбор калаада бир катар жардыруулар угулганын Reuters да күбөлөргө таянуу менен кабарлады.

Украина боюнча абадан эскертүү жарыяланды. Жардыруу Днепропетровск, Запорожье, Кировоград, Житомир, Ровно жана Полтава облустарында, ошондой эле Харьковдо угулуп жатканын Strana.ua билдирди.

Киевде жана аймакта жалпысынан онго жакын жарылуу катталган. Ички иштер министрлигинин башчысынын кеңешчиси Антон Геращенконун айтымында, Украинанын асманында 40ка жакын ракета катталган. Запорожьеде инфраструктуранын маанилүү объектисине сокку урулду. Шаарда электр энергиясы өчүрүлө баштады.