Украинанын бир нече облусунда жардыруулар болуп жатат

Жардыруулардын үндөрү Черкасс, Хмельницкий, Киев, Ровно, Одесса, Кировоград жана Волынь облустарында угулуп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. «Укрэнерго» бир нече облуста жарык убактылуу жок экенин билдирген болчу.

Украина президентинин кеңсе жетекчиси Андрей Ермак өзүнүн Telegram-каналында инфраструктуралык объектилерге сокку урулуп жатканын билдирди.