Украинанын Буча шаарындагы жүрөк үшүн алган сүрөт-видеолор боюнча Зеленский жана Орусиянын Коргоо министрлиги үн катты

Украинанын Буча шаары боюнча өлкөнүн президенти Володимир Зеленский жана Орусиянын Коргоо министрлиги үн катты.

Зеленский соцтармактагы баракчасына аталган шаарда тартылган сүрөттөрдү тиркеп, төмөндөгүдөй билдирүү жарыялады: «Бухарест, НАТОнун саммитинин декларациясы. 3-апрель, 14 жыл мурда. Орусия келбеши үчүн токтотуп калуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Буча, Киев облусу. Азыр. Орусия келди. Орусиялык аскерлердин энелерине көрүүгө кеңеш берем. Караңыздар, сиздер кандай акмактарды чоңойтконсуздар. Киши өлтүргүчтөр, талап-тоноочулар, баш кесерлер».

Орусиянын Коргоо министрлиги Бучада тартылып, анда жай тургундардын сөөктөрү көчөдө жаткан сүрөт жана видеолор «кезектеги чагым» деп атады. «Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган убакыт ичинде Бучада бир дагы жергиликтүү тургун кандайдыр бир зомбулук аракеттен жабыркаган эмес», — деп айтылат таратылган маалыматта.