Украинанын Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө ракета түшүп, 19 киши каза болду

11-июлга караган түнү Украинанын Часов Яр шаарына орусиялык ракета түшүп, бир нече адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

11-июль күнү ракета Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө түшкөн. Куткаруучулар урандылардын арасынан 19 кишинин сөөгүн табышкан. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгү айтылууда.