Украинанын ири шаарларында жардыруу болуп жатканы маалымдалды (видео)

«CNN» телеканалынын Киевдеги кабарчысы бир катар жардырууларды укканын айтты. Украинанын баш калаасында болгон жардыруулар тууралуу маалыматты украиналык «УНИАН» агенттиги тастыктады. «CNN» дагы Харьковдогу жана Донецк облусундагы Краматорск шаарындагы жардырууларды кабарлады. Бул тууралуу РБК жазып чыкты.

«Gordon.ua» басылмасы Киевдин Деснянский районундагы кабарчысына таянып, 4:55тен 5:30га чейин (Москва убактысы боюнча 5:55 — 6:30) жардырууларга окшош кеминде беш үн угулганын жазды. «ТАСС» ошондой эле өз кабарчысына шилтеме жасап, өрт өчүрүүчү унаалардын тобу Борисполь аэропортуна жакын жердеги аскердик бөлүккө барганын билдирди.