Украинанын президенти Володимир Зеленский чукул кайрылуу жасады. Анын айтымында, Украинанын аймагында 15 атомдук энергетикалык блок бар.
«Биздин өлкөнүн аймагында 15 атомдук энергетикалык блок бар. Анын баары жарылса, демек, бул бүт Европаны эвакуациялоо дегенди билдирет. Бул баардыгыбыз үчүн, Европа үчүн бүттү дегендик», — дейт ал.












