Украинанын президенти Володимир Зеленский элине кайрылып, видео менен бөлүштү

Украинанын президенти Володимир Зеленский элине кайрылды.

«Бүт Украина боюнча аба коркунучу тынчый элек. Ракеталар тийген жерлер бар. Тилекке каршы, каза болгондор жана жаракат алгандар катталууда. Жашырынган жерлерден чыкпооңуздарды суранам. Өзүңүздү жана жакындарыңызды жакшы караңыздар».

Ошондой эле ал видеону да бөлүштү. Бүгүн Украинанын Киев жана бир катар шаарларында жарылуулар болуп жатат.