Украинанын президенти коргонууга жардам сурап кайрылды

Владимир Зеленский согушка каршы коалиция түзүүгө Украина муктаж болуп жатканын айтып, Бухаресттин тогуздугуна коргонуу боюнча жардам алуу жана Орусияга каршы санкциялар тууралуу кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Бухаресттин тогуздугу Борбордук жана Чыгыш Европанын тогуз өлкөсүнөн турат. Алар: Болгария, Венгрия, Эстония, Литва, Латвия, Польша, Румыния, Словакия жана Чехия. Ал арада «Эхо Москвы» билдиргендей, Эл аралык кылмыш соту Украинадагы согуш кылмыштары боюнча тергөө иштери тууралуу кабарлады. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочу Карим Хан билдирди. «Украинада согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан бардык тараптарга менин кеңсем өз ыйгарым укуктарын колдонууга жана 2014-жылдын 20-февралынан бери Украинанын аймагында жасалган геноцид, адамзатка каршы кылмыштар же согуш кылмыштарын иликтөөгө укуктуу экенин эскертем», — деди ал.