Украинанын төрт шаарына гуманитардык коридор ачылды

Орусиянын куралдуу күчтөрү бүгүн, 7-мартта саат 10:00дөн тарта жымжырттык режимин жарыялап, Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумы шаарларына гуманитардык коридорлор ачылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Мындай чечим Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун жеке суранычы боюнча «катастрофалык гуманитардык абал жана анын чукул курчушуна» байланыштуу кабыл алынганы маалымдалды. Жай тургундарды эвакуациялоону көзөмөлдөө орусиялык учкучу жок аппараттардын жардамы менен да камсыздалат. Эвакуациялоо иштери авиациялык, темир жол жана автомобилдик транспорт менен жүргүзүлөт.