Укук коргоочу Валентина Чупик Шереметьеводо кармалды. Ал депортацияланышы мүмкүн

Көп жылдардан бери Орусияда Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына жардам берип келген белгилүү укук коргоочу Валентина Чупик бүгүн, 25-сентябрда Шереметьево аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Кесиптештеринин айтымында, ал Армениядан кайтып келе жаткан. Түнкү саат 2лер чамасында аны аэропорттон кармашкан. «Ага качкын макамын алып салуу жана 2051-жылга чейин кирүүгө тыюу салуу жөнүндө эскертүү берилген. Ал чек арада кармалганын айтып, документтердин сүрөтүн жөнөткөндөн кийин байланыш үзүлдү. Биз азыр ал тергөө абагында деп ойлойбуз. Биз аны Өзбекстанга депортациялоого даярдап жатат деп шектенип жатабыз», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Валентина Чупик — Өзбекстандын жараны. Ал өз өлкөсүндө да адам укуктары боюнча иштерге да активдүү катышчу. Ал бир нече жыл мурун чалгындоо кызматынан коркутууларды ала баштагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Валентина Чупик аларга каршы арыз жазган. Он миңдеген мигранттар аны билишет. Ал адвокаттар менен бирге аларга юридикалык жардам көрсөтөт, эгерде Борбор Азиядан келген жарандар негизсиз кармалса, дайыма полиция бөлүмдөрүнө барып, аларга жардам көрсөтчү.