Улан-Батордо газ ташыган унаа жарылды. Каза болгондор бар (видео)

Монголиянын борбору Улан-Батордо 60 тонна газ ташыган жүк ташуучу унаа Дүнжингарав базарынын жанында жарылып, өрт чыкканын жергиликтүү News.mn басылмасы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алты адам каза болуп, ондон ашык жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Бир нече унаа жана жакын жерде жайгашкан үй өрттөнгөн. Айрым маалыматтарга караганда, үч өзгөчө кырдаалдар кызматкери каза болуп, 20дан ашык унаа күйүп кеткен. 

Айдоочу милицияга билдиргендей, жүк ташуучу унаа башка унаа менен кагышып, жол тайгак болгондуктан рулду башкара албай калган. Башка айдоочунун абалы белгисиз.