Улуу Британия дүйнөдө биринчилерден болуп ковидге каршы таблеткаларын колдонууга уруксат берди

Улуу Британия дүйнөдө биринчилерден болуп Lagevrio (Molnupiravir) дарысын — Американын Merck жана Ridgeback Biotherapeutics фармацевтикалык компаниялары тарабынан иштелип чыккан COVID-19га каршы таблеткасын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид өлкөдөгү тарыхый күн экенин жарыялап, падышалык дүйнөдө COVID-19га каршы үйдө колдонула турган вируска каршы препаратты жактырган биринчи өлкө болгонун белгиледи. Дарыны коронавируска тапшырылган тест оң жыйынтыкты көрсөткөндөн кийин мүмкүн болушунча тез, бирок симптомдор башталгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен ичип баштоо керек. Ушул жылдын аягына чейин компания 10 миллион доза, 2022-жылы дагы 20 миллион дозасын чыгарууну пландаштырууда.