Улуу Британия коронавирустун омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады

Улуу Британия коронавирустун омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады. Бул тууралуу коронавирус каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалымдашты.

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттигинин маалыматы боюнча, бул XE коронавирусунун жаңы варианты — рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8 пайызга жогору. Агенттиктин башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешээрин жана адатта салыштырмалуу тез жок болуп кетерин айтты. «Вакцинанын жугуштуулугу, катаалдыгы же натыйжалуулугу жөнүндө тыянак чыгаруу үчүн азырынча жетиштүү далилдер жок», — деп Independent басылмасы профессордун сөзүн жазды.