Улуу Британияда 7 ымыркайды өлтүргөн медайымга кандай жаза берилди?

Манчестер соту жети жаңы төрөлгөн ымыркайларды өлтүрүүгө күнөөлүү медайымга ырайым кылуу же шарттуу түрдө бошотуу укугусуз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул Британиянын укуктук системасындагы эң катаал өкүм.

Люси Летби англис мыйзамдарынын тарыхында өмүр бою эркинен ажыратылган төртүнчү аял болуп калды.

Ал 2015-жылдын июнь айынан 2016-жылдын июнь айына чейин Честер ооруканасында иштеп жатканда жаңы төрөлгөн ымыркайларга шприц менен аба сайып өлтүргөн. Медайым атайылап аба сайып, ашыкча тамактандыруу жана инсулин менен ууландыруу сыяктуу ыкмаларды колдонуп, оорукананын неонаталдык бөлүмүндө дагы алты ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылган деп табылды. Үйүн тинтүү учурунда «Мен жашоого татыктуу эмесмин. Мен аларды атайылап өлтүрдүм, анткени мен аларга кам көрө албайм», «мен коркунучтуу жаман адаммын» деп жазылган жазууларды табылып, анын биринде баш тамгалар менен «Мен жаманмын, мен жасадым» деген.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg