Жеңишти Финляндиядан келген жуп жеңип алды — сыйлык катары аларга бир бочка эль (салттуу сыра түрү) берилди. Бул дүйнөлүк мелдеште эркек киши аялды (көбүнчө жубайын, бирок бул милдеттүү эмес) жонуна көтөрүп чуркайт. Мындай турнир 1990-жылдардын ортосунан бери өткөрүлүп келет. Алгач бул мелдеш Финляндияда пайда болгон.
Мелдеш Англиянын Суррей графтыгындагы Доркинг шаарында өтүп, ага ондогон адамдар катышып, 380 метрлик дөң трассада тоскоолдуктардан качып чуркашты. Көрүүчүлөр болсо аларды суу тапанчалары жана чака менен суу чачып тосуп алышты.
Катышуучулар аялын каалаган ыкмада көтөрүп чуркай алышат. Бирок көпчүлүк “эстон ыкмасын” тандашкан. Бул ыкмада аял чуркап бараткан адамдын жонуна тескери илинип, буттарын анын жүзүнүн алдына кайчылаштырып кармайт.
Мелдештин кожоюндарынын атынан катышкан Стюарт Жонсон биринчи жолу өнөктөшү Хэтти менен жергиликтүү паркта машыгып жатканда, айрым адамдар аларды «жинди» деп ойлошконун айтты. Ал эми Хэтти Стюарт аны макулдугун сурай электе эле жарышка каттап койгонун кошумчалады.
Жарышка “жүк” катары катышкан аялдар 17 жаштан жогору болуп, кеминде 49 килограмм салмакта болушу керек. Эгер катышуучу андан жеңил болсо, анда эркек кошумча ун же суу салынган рюкзак көтөрүп чуркап, минималдуу салмакты толтурушу керек.
Бул жолу чемпион болуп финляндиялыктар Теему жана Ятта табылды. Алар трассаны 1:45,5 убакытта өтүп, жаңы рекорд коюшту. Экинчи орунду 1:49 жыйынтыгы менен Улуу Британиядан келген Эдвард менен Кэтрин ээледи. Алар июль айында Финляндияда өтө турган дүйнө чемпионатына өлкөнүн намысын коргоо үчүн барышат.
Британдык уюштуруучулар алардын сапары үчүн 250 фунт стерлинг өлчөмүндө учак билети менен жашоого кеткен чыгымды төлөп беришерин билдиришти.












