Улуу Британияда эпидемиялык абалы кооптуу өлкөлөрдөн келгендер үчүн карантиндик мейманканалар ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган карантиндик мейманканаларга эпидемиялык абалы кооптуу өлкөлөрдөн келгендер аэропорттон түз жеткирилет.
Жергиликтүү бийликтин өкүлүнүн айтымында, мындай мейманканалар коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышына жол бербөөгө түрткү берет. Ошондой эле чет жактан келген коноктор карантиндик мейманканаларга жайгаштырылганда он күндү өзүлөрү төлөшөт.