Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кары мышык өлдү

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кары мышык 33 жашында өлгөнүн New York Post гезити билдирди.

Ал бейрасмий түрдө дүйнөдөгү эң кары мышык статусуна ээ болгон. Түстүү мышык Британиянын Норвич шаарында жашаган. Анын ээси Лила Бриссетт 73 жашта.

Мышык 1991-жылы 1-июнда туулган. Үй ээси аны баш калкалоочу жайдан багып алган. Мурунку кожоюндары кызынын аллергиясы бар экенин аныкташкандыктан, Розиге жаңы үй керек болгон. 2023-жылы Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү Лила Бриссетти мышыгына атайын наам ыйгаруу үчүн арыз берүүгө чакырышкан, бирок аял баш тарткан.