Улуу Британияда эмитеден ханышанын акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүп жатышат

Улуу Британияда эмитеден ханышанын акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүп жатышат. Кечээ, 4-сентябрда коронавирус пандемиясынан улам падышалык хансарай пландалган аза күтүү иш-чараларына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди.

Елизавета IIнин аза күтүүсү «Лондон көпүрөсү кулап түштү» деген фраза менен башталат. Ханышанын кокустан каза болгон күнүнө карата аракеттердин планы «Лондон көпүрөсү» деп аталары маалым. «Д күнү» (ханышанын каза болгон күнүнүн жашыруун түрдө аталышы) болгондо падышалык хансарай даяр болушу шарт, иш-чаралар он күн алдын жазылуу болот. Ханышанын каза болгону тууралуу маалыматты британиялык аткаминерлер алышат, анда «Урматтуу кесиптештер, сиздерге кайгыруу менен Улуу Урматтуу Ханышанын кайтыш болгонун кабарлайм» деп жазылат. Андан кийин 10 мүнөт өткөн соң мыйзам чыгаруучу органдардын имаратында туу түшүрүлүп, падышалык үй-бүлөнүн сайты кара түскө боёлот. Ханышаны жерге берүү 10 күндөн кийин болот. Кайтыш болгондун эртеси күнү анын уулу Чарльз падыша деп жарыяланып, ошол күнү кечинде ал телекөрсөтүү аркылуу сөз сүйлөйт.

Елизавета II учурда 95 жашта жана сак-саламат. Күз мезгилинде ал бир канча расмий жолугушууларга катышары пландалган.