Улуу Британияда Гарри Поттердин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарылды

Падышалык тыйын сарайы «Гарри Поттер жана философиялык таш» китебинин биринчи басылышынын 25 жылдыгына карата Гарри Поттердин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail жазды. 

Тыйындарда жаш Гарри Поттерден тышкары профессор Дамблдор, «Кингс-Кросс» поезди, ошондой эле Хогвартс сыйкырчылар мектеби чагылдырылат. Тыйындын арткы бетинде Елизавета II чагылдырылган, бирок кийинки жылдан тарта анын сүрөтү Карл IIIтүн сүрөтү менен алмаштырылат.

Тыйындын баасы металлына жана номиналына жараша 11 фунттан 5 миң фунт стерлингге чейин.