Улуу Британияда ханыша Елизавета II каза болгондон кийинки 10 күндүк аза күтүү башталды

Улуу Британияда жана Британ Шериктештигинин 50дөн ашуун өлкөсүндө ханыша Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу он күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Sky News жазды.

Аза күтүү ханышанын жаназасына чейин уланат. Өлкөнүн бардык аймактарында протоколго ылайык мамлекеттик туулар түшүрүлөт. Улуу Британияда аза күтүү учурунда ири спорттук иш-чаралар, анын ичинде футбол жана крикет оюндары ойнолбойт. Кээ бир британиялык телеканалдар, анын ичинде Би-Би-Си One да берүүлөрдүн графигин өзгөрттү.