Англияда йога менен машыгып жаткандарды өлдү деп ойлогон киши полиция чакырган

Йога менен алектенип жаткан адамдарды өлдү деп ойлоп алган жаран полиция кызматкерлерин чакырган. Бул окуя Англиянын чыгышындагы Линкольнширде болгон.

TRT Хабер билдиргендей, кафеге токтогон киши жерде жаткан адамдарды көрүп, массалык киши өлтүрүү тууралуу полицияга кабарлаган. Полиция кызматкерлери келгенде йога сабагына катышып жаткан жарандар таң калышкан. Окуянын чоо жайын аныктап, билдирүүнүн жаңылыш экенин түшүнгөн полиция кызматкерлери абалдын тынч экенине сүйүнүшкөн.