Улуу Британияда жаш ыктыярчыларга атайылап коронавирус жуктура баштайт

Улуу Британияда ондогон дени сак жаш ыктыярчылар SARS-CoV-2 оорусунун адамдын организмине тийгизген таасиринин механизмин кененирээк изилдөө үчүн коронавирусту атайын жуктурушат, деп жазат «Bloomberg».

Сыноо Улуу Британиянын клиникалык изилдөө этикалык комитетинде жактырылган жана ушул жылдын март айынын аягына пландаштырылган.

Улуу Британиянын өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, 18ден 30 жашка чейинки 90го жакын дени сак адамдар эки багыттагы изилдөө иштерине катышуу үчүн сыноого катышканы жатышат. Биринчиси, иммундук реакцияны козгоо үчүн минималдуу вирусту аныктоого жардам берет. Уюштуруучулар бул вирустун таралышына таасир этүүчү факторлорду аныктоого жардам берет деп эсептешет. Экинчи багыт, ыктыярчыларга COVID-19 оорусун дарылоодо натыйжалуу экендиги далилденген дары-дармектер менен эмдөөнү камтыйт, андан кийин алар коронавирусту жуктурушат. Бул адамдарды реинфекциядан сактоо үчүн зарыл болгон иммунологиялык жоопту аныктоого жардам берет.