Улуу Британияда коронавирустун лямбда-штаммы катталды. Анын белгилери

Улуу Британияда Түштүк Америкада кеңири тараган коронавирустун лямбда-штаммын жуктурган учурлар катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Лямбда-штаммы алгач Перу, Чили, Эквадор жана Аргентинада 2020-жылдын аягында аныкталган. Бул вариант коронавирустун бир нече мутациясын камтыйт деп болжолдонууда. Азырынча илимпоздордо жаңы штамм адамда оор өтөт же вакциналардын таасирин начарлатат деген далилдер жок. Бирок дарыгерлер дене табынын көтөрүлүшү, туруктуу жөтөл, жыттын жана даамдын жоголушу же өзгөрүшү сыяктуу белгилерге көңүл бурууну сунушташты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму SARS-CoV-2 мутациясын «тынчсыздандыруучу» тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия) штаммдары. Индия штаммы дагы деле мутацияланып жатат.