Улуу Британияда күлчү кыз жөнүндө коркунучтуу тасма тартылат

ChampDog Films компаниясы 2023-жылдын октябрында күлчү кыз жөнүндө коркунучтуу тасманы прокатка чыгарууну пландап жатат.

«Күлчү кыз каргышы» деген коркунучтуу тасма тартыла турганын gazeta.ru жазды. Режиссёр жана продюсер Луиза Уоррендин айтымында, тасма «баарыбыз сүйгөн жана билген Золушканын уникалдуу версиясы» болот. Кинематографист каарман бир нече «чынында коркунучтуу өлүмгө» күнөөлүү болорун айткан. 

Тасма тартуу иштери Улуу Британияда июнь айында башталышы керек. Башкы ролду анча белгилүү эмес актриса Келли Райан Сансон аткарат.