Улуу Британияда өпкө рагына каршы вакцина сыналып жатат

Өпкө рагына каршы эксперименталдык вакцина Улуу Британияда клиникалык сыноолорго уруксат берилгенин дүйнөлүк ЖМКлар жазды. Иммунотерапия BioNTech компаниясынын вакцинасын колдонуу менен жүргүзүлүп жатат. 

Иштөө принциби вакцинаны сайган соң, соо клеткаларга зыян келтирбестен рак клеткаларын өз алдынча жок кыла баштайт. Ракты дарылоо үчүн колдонулган салттуу химиотерапия бүгүнкү күндө бардык клеткаларга чабуул жасап, бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирет.

Өпкө рагы бүгүнкү күндө эң кеңири таралган рак түрү. Андан жыл сайын 1,8 миллион адам каза болот. Клиникалык сыноого 7 өлкөдөн 130 бейтап катышат. Биринчи катышуучу лондондук 67 жаштагы Януш Рац болду.