Улуу Британияда учуучу такси сыноодон өттү

Британияда аба таксиси алгачкы учкучсуз учуусун ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.

Vertical Aerospace компаниясынын электр учуучу таксиси биринчи автономдуу учуусун ийгиликтүү аяктады. Сыноолордун жүрүшүндө VX4 аба такси модели саатына 70 чакырым ылдамдыкка жете алган. Унаа вертикалдуу учуу жана конуу системасы, ошондой эле күн батареялары менен заряддалган электр кыймылдаткычтары менен жабдылган.

Учуу Англиянын түштүк-батышындагы Котсуолд аэропортунун аймагында болуп, учуучу унаа алыстан башкарылган.