Улуу Британиянын өкмөт башчысы «жашыруун» үйлөндү. Анын колуктусу 24 жаш кичүү

Кечээ, 29-майда Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон «жашыруун» үйлөндү. Анын колуктусу Кэрри Саймондз 24 жаш кичүү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Лондон шаарында жайгашкан Вестминстер соборунда элдин көзүнөн оолак никелешүүнүн ырым-жырымы жасалган. Ага чакан эле чөйрөдөгү адам катышкан. Себеби коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөгө ылайык, үйлөнүү-үлпөт тоюна келген адамдардын саны 30дан ашпашы керек. Борис Жонсон менен Кэрри Саймондздун тою жайында өтөрү маалымдалды. Күйөө бала болочоктогу колуктусуна 2020-жылдын февраль айында шакек салган, ал эми ошол эле жылдын апрелинде уулдуу болушкан.

1964-жылы туулган Борис Жонсон үчүн бул үчүнчү никеси, буга чейинки эки аялынан беш баласы, никеси жок аялынан бир баласы бар.1988-жылы туулган Кэрри Саймондз бул биринчи никеси.