Улуу Британияда склеродерма менен ооруган адамдын эки колун алмаштырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 48 жаштагы Стивен Галлахер 13 жыл мурун теринин жана ички органдардын тырыктарын пайда кылган аутоиммундук ооруга чалдыккан. Болжол менен жети жыл мурун британиялыктын манжалары түйүлүп, катуу ооруп, ыңгайсыздык жараткан.
Текшерүүлөрдүн биринде дарыгер бейтапка колун алмаштырууну сунуштаган. Операцияга даярдануу үчүн адам психологиялык тесттерден өткөн. Азыр Стивен Галлахер реабилитациядан өтүп жатат, оң өзгөрүүлөр байкалууда.