Улуу Британиянын зоопаркындагы тотукуштарды сөгүнгөн сөздөрүн унуттурууга аракет кылышууда

Улуу Британиядагы Линкольншир жапайы жаратылыш паркынын кызматкерлери африкалык боз тотукуштарды жаттап алган сөгүнгөн сөздөрүн унуттурууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу CNN жазды.

Мындай кадамга барууга канаттуулардын паркка келгендерди сөгүп жатканы тартылган видеонун соцтармакта жайылып кеткени себеп болгон. Африкалык боз тотукуштарды башка 92 тотукуштан бөлүп, кийин аларды тобуна кошууга аракет кылып, бирок алардын башка тотукуштарга сөгүнгөн сөздөрдү үйрөтүп койбошуна көз салышкан.

«Тотукуштардын бири сөгүнүп баштары менен калганы да сүйлөшүүгө кошулат. Алты тотукуш эркек кишинин, эки тотукуш аялдын үнүн жаттап алган. Анын баары урушуп баштаганда аябай эле жаман көрүнөт», — деп парктын жетекчиси айтып берген.

Африкалык боз тотукуш же жако — жапайы жаратылышта түнөө үчүн миңге чейин топтошкон канаттуулар, алар түрдүү үндөрдүн жардамы аркылуу бири-бири менен сүйлөшүшөт. Изилдөөчүлөр алардын акылдуулугу дээрлик башка жаныбарларда жок деп эсептешет. Зоологдор мындай тотукуштар сөгүнгөн сөздөрдү оңой эле үйрөнүп алышарын эскертишет. Ошондуктан да, сөгүнгөн сөздөрдү жазып алган тотукуштарды башкалардан бөлүүгө туура келген. Бирок алардын ою ишке ашкан эмес. Алар тобуна кошулгандан кийин башкаларын да үйрөтүп коюшкан. Парктын кызматкерлери андан ары эмне кылышарын билбей, капастын сыртына «канатттуулар сөгүнөт» деген гана эскертүүнү жазып коюуга туура келген.