Жумушка барчу жолду кыскартуу үчүн аял менен эркек Улуу Кытай сепилин талкалаган

Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгүн урандыга айланткан аял жана эркек кармалды. Бул тууралуу Кытай ЖМКлары билдиришти.

Кылмышка шектүү Чжэн аттуу 38 жаштагы эркек киши жана Ван аттуу 55 жаштагы аял кармалган. Алар Улуу Кытай сепилинин жанындагы курулушта иштегенин айтышкан. Мындай иш-аракети менен алар жумушка чейин барчу жолду кыскартмакчы болушкан.

Талкаланган дубал Мин династиясынын тушунда (1368-1644) тургузулган. Полициянын айтымында, кармалгандар курулуштун бөлүктөрүнө орду толгус зыян келтирген.