«Унаа экиге бөлүнүп калган». Бишкек — Алматы жолунда үрөй учурган жол кырсык катталды (видео)

Бишкек — Алматы жолундагы жол кырсыкта унаа экиге бөлүнүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео жарыяланды. Алматы облусунун полициясы кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Маалым болгондой, кырсык 24-апрель күнү саат 09:20да болгон. Айдоочу аман калган, бирок реанимацияда.

«Алматы-Бишкек унаа жолунун 33-чакырымында бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 61 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседес унаасынын айдоочусу жаракат алган. Ал Каскелен шаарынын борбордук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.