Социалдык тармактарда Дамас унаасынын айдоочусу баланы жол кырсыктан сактап калган видео тарады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
Азырынча видеонун так кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат жок. Өзбек ЖМКлары бул Наманган облусу экенин божомолдошууда. Видеодо баланын жолдун четинде турганын көрүүгө болот. Ал эч кандай белги жок жерде жолду кесип өтүүгө аракет кылып, жолго чуркап чыккан. Жолдо бара жаткан унаанын айдоочусу дароо реакция кылган. Унаа баладан кайып өтүп, капталга кулайын деп барып, тегеренип, эч нерсе болбогондой туруп калган.
Соцтармак колдонуучулары баланын ажалы жок экенин айтып, эгер айдоочу убагында реакция кылбаганында окуя өкүнүчтүү аяктап калышы мүмкүн экенин жазып жатышат. Айдоочунун унаадан чыгып, жолдо отурганын да көрүүгө болот.