Уулун жоготкон казак блогер ыр жаздырып, көпчүлүктү ыйлатты (видео)

Казак инстадивасы, актриса жана аял затын өнүктүрүү боюнча курстардын автору Асел Аскар былтыр күздө каза болгон уулуна арнап, «Сен асманды тандадың» аттуу ырын жарыкка чыгарды. Блогер аны бул дүйнөдөн өткөн балдарга арнады. Бул тууралуу Tengri Lifestyle басылмасына кененирээк айтып берди. 

Ыр эки тилде — казак жана орус тилдеринде жазылган. Бирок Асел өзү белгилегендей, ал дүйнөнүн бардык тилдеринде ырдамак, анткени кайгынын улуту жок. 

«Кайгы бир. Кайгынын тили бир. Мен аны улутка бөлгүм келбейт. Мен аны дүйнөнүн бардык тилдеринде ырдамакмын. Ыр уулум Айбарска арналат. Бул анын ыры. Бул анын клиби. Ал тууралуу, ага болгон чексиз сүйүүм тууралуу ыр”, — деп жазат Асел.

Колдонуучулар аткаруучуну колдоп, көпчүлүгү каза болгон балдарына болгон сагынычын билдиришкен. Клип дээрлик 700 миң көрүүнү чогултуп, апалар үчүн өзүнчө гимн болуп калды.

Асел Аскардын уулу октябрдын башында тубаса жүрөк кемтигинен каза болгон. Бала эки жума реанимацияда жатып, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.