АКШнын Мэн штатында 18 адамды өлтүрдү деп шектелген адамдын жансыз денеси 3 күндүк издөөдөн кийин табылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
«Шаршембиге караган түнү ок атууга шектелген адам табылды, ал каза болгон», — деп жазылат маалыматта.
40 жаштагы Роберт Карддын сөөгү таштандыларды кайра иштетүүчү борбордун жанынан табылган. Полиция ал өз жанын кыйган болушу мүмкүн экенин айтышты. Шектүүнүн үйүнөн кат табылган. Катта өз жанын кыюу тууралуу жазылган. Катты уулуна жазган. Шектүүнүн уюлдук телефону да үйдөн табылган. Полиция катта эмне жазылганы тууралуу маалымат берген эмес.
25-октябрда кечинде белгисиз адам тарабынан АКШнын Льюистон шаарында ок чыгаруудан кеминде 22 адам каза болуп, ондогон адамдар жарадар болгону маалымдалган. Полиция шектүүнүн 40 жаштагы Роберт Кард аттуу жаран экенин аныктаган. Кийинчерээк окуядан 22 эмес, 18 адам каза болгону такталган.