«Ууру го дегем». Астанада улгайган аял бийик имараттын терезесин жууп жүргөн кишинин арканын кесип салган

Астанада улгайган аял бийик имараттын терезесин жууп жүргөн альпинисттин арканын кесип салган. Пенсионер аны ууру деп ойлогон. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Социалдык тармактарда өндүрүштүк альпинист кесилген жипти көрсөтүп, терезеден улгайган аял менен сүйлөшүп жаткан видео пайда болду. Кадрларга караганда, терезе жуугуч бийикте болгон. Анын «эми кантип түшөм» деп жатканын көрүүгө болот.

«Альпинист атайын альпинисттердин арканынан түшүп келе жатып, бешинчи кабатка жеткенде аркандын кесилгенин байкаган. Маалым болгондой, бул окуяга улгайган аял күнөөлүү болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында, аял альпинистти ууру деп адашып алганы, аркандын кесилишине себеп болгондугу аныкталган. Альпинист арыз берүүдөн баш тартты», — деп билдирди укук коргоо кызматкерлери.