«Уят, жапайычылык». Алматыда бекер шоколаддан улам балдар тепселендиде кала жаздады

Казакстандын Алматы шаарында жаңы жылдык майрамда шоколад өндүргөн компания таттуулар коюлган балаты орнотуп, аны балдарга таратышмак болгон. Бирок ойлогон ойду ишке ашыруу мүмкүн болгон жок. Шоколадды таратууга келгенде балдар гана балатыга чуркабай, чоң адамдар кошо чуркаган.

Соцтармактын колдонуучулары «Уят! Балаты балдарга деп даярдалса, чоң эле эркектер кошо чуркады», «Бул жакырчылык эмес, бул ач көздүк жана жапайычылык», «Швейцарияда Рождество майрамында шоколад салынган себеттер турат, андан ар бир каалоочу ооз тиет. Бирден эле алышат. Маданият жана тарбия деген ошол», «Биздикилер өмүрүндө эч нерсе көрбөгөндөй болушат, шоколадды жылына бир жолу жешет окшойт» деп жазышууда.