«Баасы 20 сомго жетип, дааналап сатылууда». Орусияда жумуртка тартыш болуп жатат (видео)

Орусияда тартыштыктан улам жумуртканын баасы кескин көтөрүлдү. Бийлик жумуртканы Түркиядан ташып келүүнү чечип, тоок жана жумуртка өндүрүүнү көбөйтүүнүн жолун издеп жатат жана орусиялык экономисттер бул өсүштү суроо-талаптын сунуштан ашыкча болушу менен байланыштырышат. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазышты. 

«Росстаттын маалыматы боюнча, октябрда чекене тоок жумурткалары өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу Орусияда орточо эсеп менен 23,9 пайызга кымбаттады. Баалар Камчатка аймагында гана өзгөргөн эмес. Ноябрь айында өлкө боюнча баалар орточо эсеп менен 15 пайызга өскөн, айрым аймактарда өсүш 28,6 пайызга жеткен»,- деп айтылат ведомствонун статистикалык маалыматында.

Азырынча жумуртка тартыштыгынан улам дүкөндөрдүн сыртында узун кезектер пайда болду. Орустар социалдык тармактарда белгилегендей, бул көрүнүш СССРди эске салып жатат. 

Жумуртка эми дааналап сатыла баштады. Москва дүкөндөрүндө C3 категориясындагы кичинекей жумуртка 9 рубль турат. Ал эми айрым жерлерде 20 сомдон сатылууда.