Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети ЧВК «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Анын билдирүүлөрү жана аракеттери Орусияда куралдуу жарандык конфликттин башталышына чакырык болуп саналат жана бул орусиялык аскерлердин далысына бычак саюу деп айтылды. «ЧВК «Вагнер» менчик куралдуу түзүмүнө Пригожиндин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого жана аны кармоо боюнча чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин ЧВК «Вагнер» компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигине каршы багытталган орусиялык ЧВК «Вагнер» менчик куралдуу түзүмдүн аракеттери аскердик төңкөрүш эместигин айтып, анын кол алдындагылар өлкөнүн аскердик жетекчилиги жасап жаткан зулумдукту токтоторун айткан жана ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылгандарды жок кыларын убадалаган.