«Вагон толо орус аскерлеринин сөөктөрү» деген үрөйдү учурган кадрларды «Аль-Жазира» чыгарды

Катар телеканалы «Аль-Жазира» кечээ, 9-май күнү чыгарган репортажында болжолдуу Украинада каза болгон орус аскерлерине толгон вагон-муздаткычты көрсөттү. Кадрлардан орус аскерлери кийген формалардын бөлүктөрү, Орусияда чыгарылган ок өтпөстөрдүн этикеткаларын көрүүгө болот. Телеканал берген маалыматка ылайык, сөөктөр табылган вагон Киевден тартылган.

Эки жарым айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштан Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги жоготуусу тууралуу эки ирет маалымат берген. Акыркы жолу 25-мартта берилген маалыматта  1351 адам каза таап, 3825 адам жаракат алгандыгы айтылган. Ал эми Украина тарап 10-майга карата Орусия армиясынын жоготуусун 25 650 кишиге чамалаган.